10.10.2018 13:11

Парижде «Мона Лизаны» тирилтишти 

Парижде «Мона Лизаны» тирилтишти 

Леонардо да Винчинин атактуу «Жокондасы» өзүнүн табышмактуу жылмаюусу менен 5 кылымдан ашык убакыттан бери миллиондогон адамдардын көңүлүн буруп келет. Сырдуу Мона Лизанын көздөрүнө тигиле караган ар бир адам, ал эмнени ойлоп жатканы же кайсы сырды катып турганы жөнүндө суроолорго чулганса керек. BMW  компаниясы интеллектуалдык жеке ассистентти колдоо максатында жүргүзүлүп жаткан кампаниясы менен бул табышмактуу сулууну сүйлөтүүгө бел байлады, деп билдирет «Популярная механика» илимий-популярдуу журналы. 

Париждеги Искусство жана маданият улуттук борборунун алдындагы аянтчага орнотулган инсталляция ары-бери өткөндөргө уламыштуу Жокондага каалаган суроосун берип, ал тууралуу бир нече күтүлбөгөн фактыларды билүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен көркөм дүйнөдөгү эң белгилүү аялдын образына жан бере алды.

Салмагы 36 тонна, бийиктиги 10 метр, туурасы 7,5 метр жана аянты 75 чарчы метр болгон ири жарык диоддуу экран ондогон техникалык адистердин аркасы менен 4 күн дегенде орнотулуп бүткөн. 

Бет-түспөлдү таануу технологиясынын аркасы менен санарип Мона Лиза жолдон өтүп жаткандардын суроолоруна жооп берип жатып, башын, колун кыймылдата алат, түрүн өзгөртө алат.  Ассистенттин жардамы менен Жоконда үч тилде: француз, англис жана немец тилдеринде сүйлөй алды.